Редакцияот 22.01.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жаңы-Арык айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын I кезексиз сессиясы

 

2015-жылдын 22-январы № 1/1

 

Жаңы-Арык айылындагы А.Идинов атындагы орто мектебин 2005-жылы аяктаган бүтүрүүчүлѳрүнүн кайрылуусун кароо жѳнүндѳ

Жаңы-Арык айылындагы А.Идинов атындагы орто мектебин 2005-жылы аяктаган бүтүрүүчүлѳрүнүн кайрылуусун карап жана билдирүүлѳрүн угуп, Жаңы-Арык айыл аймагынын айылдык Кеңеши,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жаны-Арык айылындагы А.Идинов атындагы орто мектебин 2005-жылы аяктаган бүтүрүүчүлѳрүнүн кайрылуусу канааттандырылсын.

2. Бул кайрылуу боюнча Жаны-Арык айылдык Кеңешинин финансы-экономика комиссиясына 3 жумалык мѳѳнѳттѳ карап чыгуу жагы тапшырылсын жана тиешелүү суммадагы акча каражатын кароо жана 2015-жылдын бюджетинин долбооруна киргизүү жагы  тапшырылсын.

3. Ушул токтом айыл ѳкмѳтүнүн аппаратынан каттоодон ѳткѳрүлүп, jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жѳнѳтүлсүн.

4. Токтомдун аткарылышын контролдоо Жаны-Арык айылдык Кеңешинин финансы-экономика комиссиясына жүктѳлсүн.

 

 

Төрайым

Б. Жумаева