Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 3-февралы № 2/1
Миң-Куш айылынын кѳчүрүлүүгѳ муктаж 11(он бир) үй-бүлѳнү жайгаштырууга аныкталган жер тилкесин трансформациялоого сунуштоо жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын Премьер-Министринин 2013-жылдын 6-сентябрындагы №358-р «Миң-Куш айылындагы кѳчүрүлүүгѳ муктаж үй-бүлѳлѳрдү коопсуз аймакка кѳчүрүү жѳнүндѳ» тескемесин, Кыргыз Республикасынын вице-премьер министринин 2014-жылдагы №18-22 протоколдук тапшырмасын, Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн аппаратынын 17-ноябрь 2014-жылдагы 06/2-2014 катынын талаптарын аткаруу максатында жана Жаны-Арык айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын «Больницанын үстү» участогунан турак-жай курууга 1,1 га жер аянтын трансформация кылууга сунуштоо жѳнүндѳ билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Жаңы-Арык айыл аймагынын айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Миң-Куш айылынын кѳчүрүлүүгѳ муктаж 11 (он бир) үй-бүлѳгѳ турак-жай курууга аныкталган Жаңы-Арык айыл аймагындагы «Больницанын үстү» участогунан 1,1 га жер аянты трансформация кылууга сунушталсын.
Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнѳ жѳнѳтүлсүн.
Ушул токтом айыл ѳкмѳтүнүн аппаратынан каттоодон ѳткѳрүлүп, jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жѳнѳтүлсүн.
Токтомдун аткарылышын контролдоо Жаны-Арык айыл ѳкмѳтүнүн башчысы К.Кадиевге жүктѳлсүн.
Төрайым | Б. Жумаева
|
|
|