Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 24-февралы № 4/3
Жаңы-Арык айылынын тургуну А.Токтогулованын кайрылуусун кароо жѳнүндѳ
Жаңы-Арык айылынын тургуну А.Токтогулованын кайрылуусун карап, айылдык Кеңештин депутаттарынын билдирүүлѳрүн угуп жана сунуштарын эске алып, Жаңы-Арык айыл аймагынын айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Арык айылынын тургуну А.Токтогулованын кайрылуусу канааттандырылсын;
2. Жаңы-Арык айыл аймагынын маданият үйүнүн биринчи кабатында жайгашкан дискотеканын залы бош тургандыктан, бул залга оңдоо иштерин жүргүзүп кафе уюштуруу үчүн А.Токтогуловага арендалык келишимдин негизинде берилсин;
3. Бир айлык арендалык бааны белгилѳѳ, арендалык келишимди даярдоо жана түзүү жагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысы К.Кадиевге тапшырылсын;
4. Ушул токтом айыл ѳкмѳтүнүн аппаратынан каттоодон ѳткѳрүлүп, jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жѳнѳтүлсүн;
5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Жаңы-Арык айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы К.Кадиевге жүктѳлсүн.
Төрайым | Б. Жумаева
|
|
|