КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сузак районундагы Кызыл-Туу айылдык кеңешинин кезектеги он алтынчы сессиясы
2015-жылдын 26-майы №1
№63 Э.Төрөбаев атындагы орто мектебинин окуучуларын Ысык-Көлгө эл аралык конкурска жөнөтүү жөнүндө
№63 Эргеш Төрөбаев атындагы орто мектебинин “Жаш таланттар” конкурсу боюнча Ысык-Көлдөгү эл аралык фестивалга жолдомо алган окуучуларга акча каражат берүү жөнүндөгү аталаган мектептин эмгек жамаатынын өтүнүч катын жана мектептин директору А.Асанованын, айыл башчысы Э.Артыкбаевдин баяндамасын угуп, талкуулап Кызыл-Туу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ысык-Көлдөгү эл аралык фестивалга жолдомо алган 12 окуучунун 15 күнгө жатакана, тамак-аш чыгымдарына жергиликтүү бюджеттин мүмкүнчүлүгүнө жараша акча каражат берүү колдоого алынсын.
2. Мыйзам чегинде каражат маселесин чечип берүү жагы айыл өкмөттүн финансы -экономика бөлүмүнүн башчысы Г.Нуруевага жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөл жүргүзүү жагы айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин төрайымы | Т. Наримбетова |