КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сузак районундагы Кызыл-Туу айылдык кеңешинин кезектеги он алтынчы сессиясы
2015-жылдын 26-майы №3
Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгымдарын статьялар аралык жылдыруу жөнүндө
Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин ЖКХ бөлүмүнөн статьялар аралык жылдыруу жөнүндө айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Г.Нуруеванын билдирүүсүн угуп, талкуулап Кызыл-Туу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин ЖКХ бөлүмүнөн 22221100 “Жабдууларды алуу” статьясынан 50,0 миң сомду азайтып 22154900 “Ар түрдүү чыгымдар” статьясына 50,0 миң сом көбөйтүлсүн.
2. Жогорудагы токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Г.Нуруевага милдеттендирилсин.
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин төрайымы | Т. Наримбетова |