Редакцияот 26.05.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Сузак районундагы Кызыл-Туу айылдык кеңешинин  кезектеги  он алтынчы сессиясы

 

2015-жылдын 26-майы № 6

 

Жашасын-2 айылындагы көчөгө Орунбаев Кубанычбектин ысымын берүү жөнүндө

Кызыл-Туу айылдык кеңешинин 04.02.2015-жылдагы  №4 “Сузак районуна караштуу Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн аймагындагы көчөлөргө ат коюу жөнүндө” Жобого ылайык Жашасын-2 айылындагы Жаны-Орток участкасындагы экинчи ички көчөгө,  маркум, жаны конуштун түптөлушүнө салым кошкон, Орунбаев Кубанычбектин ысымын ыйгаруу жөнүндөгү айыл тургундарынын 02.04.2015-жылдагы протоколун негиздеп, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнө караштуу Жашасын-2 айылындагы Жаны-Орток участкасындагы экинчи ички көчөгө маркум Орунбаев Кубанычбек Иманкуловичтин ысымы ыйгарылсын.

2. Мындан ары Жашасын-2 айылындагы Жаны-Орток участкасындагы экинчи ички көчө маркум Орунбаев Кубанычбек Иманкулович атындагы көчө деп аталсын.

3. Кыргыз Республикасынын шаар жана айыл жерлеринин өнүгүү процесстеринин талабына ылайык көчөнүн символикасы белгиленсин.

 

Кызыл-Туу айылдык кеңешинин төрайымы

 

Т. Наримбетова