Редакцияот 28.04.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Масы айылдык кенешинин   XXVI  чакырылышынын кезексиз XXI сессиясынын

 

2015-жылдын 28-апрели № 2

 

Масы айыл  өкмөтүнүн  бюджетине өзгөртүүлөрдү  киргизүү  жөнүндө

 Швейцариялык Кызыл Крест  уюмунун Ден-соолук  көйгөйлөрү  боюнча  жамааттардын аракеттери (ДКЖА) Долбооруна Масы айыл аймагы пилоттук айыл аймак болуп киргизилген. Долбоорду турмушка ашырууда каралган  гранттык каражатты пайдалануу жана аткаруу максатында күн тартибиндеги маселени угуп  жана талкуулап  Масы айылдык кеңешинин  XXVI  чакырылышынын кезексиз  XXI  сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Швейцариялык Кызыл Крест  уюмунун Ден-соолук  көйгөйлөрү  боюнча  жамааттардын аракеттери (ДКЖА) Долбоорунун эсебинен 1 даана коп орундуу автотранспорт сатып алуу  боюнча  кичи  долбооруна  каралган  гранттык каражатынын 800000 мин  сомду айыл өкмөтүнүн  атайын киреше каражат  эсептик счетуна 14239400 кошумча өзгөрүүлөрдү киргизүү Масы айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык  бөлүмүнө  милдеттендирилсин.

2.Айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгүнө кириштелген 800000 сом  акчаны  чыгаша   каражат счетуна 31121290  которуп берүү жагы  фининсы-экономикалык  бөлүмдүн башчысы  К.Калматовго милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы Масы айылдык  кеңешинин  финансы, экономика, бюджет боюнча туруктуу  комиссиясына  жүктөлсүн.

 

 

Масы айылдык кеңешинин төрагасы

 

С. Арзиев