ТАЛДЫ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 23-майы № 20/2
Жазгы сезондук жумуштардын жүрүшү, элдин үрөн май менен камсыз болуусу жөнүндө
Талды-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүндө жазгы талаачылык жумуштарынын белгиленген тартипте уюшкандыкта сапаттуу бүткөрүлгөдүгүн эске алуу менен Талды-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талды-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүндө талаачылык жумуштары өз убагында белгиленген графикке ылайык уюшкандыкта бүткөрүлгөндүгү белгиленсин.
2. Талды-Суу айыл айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү дыйкандардын үрөн күйүүчү май менен өз аракеттери менен камсыз болгондугу эске алынсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Талды-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн айыл чарбасы боюнча жетектөөчү адиси А Чукулуковко милдеттендирилсин.
Төрага | Ж.Молоев |