ТАЛДЫ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 23-майы № 20/3
Талды-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү мектептерде, бала бакчаларда жасалып жаткан иштер жана ҮДТ, ФАП тарда элди медициналык жактан тейлөөнүн абалы жөнүндө
Билим берүүнүн сапатын жогорулатып, калкты медициналык жактан тейлөөнүн абалын жакшыртуу максатында Талды-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Билим берүүнүн сапатын жогорулатып, мектептин материалдык техникалык базасын чыңдоо мектеп директорлору О Байковага, Т Багышовко, Э Жантемировага милдеттендирилсин.
2. Бала бакчалардын ремонтун сапаттуу жүргүзүп, үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу бала бакчанын жетекчилери М Кукеевага, А Молдалиевага, Н Байматовага тапшырылсын.
3. Калкты медициналык жактан тейлөөнүн маданиятын жогорулатып жогорку деңгээлде тейленишине жетишүү, айылдарды белгиленген гафиккке ылайык кыдырып туруу, ҮДТнын дарыгери М Орозалиевага милдеттендирилсин.
4. Сессияга чакырылганда келбей тиешелүү маалыматтарды бербегендиги үчүн 1-Май фельдшердик –акушердик пунктунун башчысы Бейшенбиева Кларага кызматтык чара көрүп, айылдык Кеңешке кат жүзүндө билдирип коюуу жагы Ат-Башы райондук медицина борборунун жетекчиси Н Алиевден суралсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Талды-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн соц кызматкери К Бектуровко тапшырылсын.
Төрага | Ж.Молоев |