Редакцияот 18.02.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын кезектеги  ХVII сессиясы

 

2015-жылдын 18-февралы № 17/5

 

Ат-Башы райондук балдар, өспүрүмдөр спорт мектебине коомдук жана саясий ишмер, маркум М.Өмүракуновдун ысымын берүү   жөнүндө

Ат-Башы райондук балдар, өспүрүмдөр спорт мектебине коомдук жана саясий ишмер маркум   М.Өмүракуновдун ысымын берүү  максатында Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ат-Башы райондук балдар, өспүрүмдөр  спорт мектебине коомдук жана саясий ишмер, маркум Муктарбек Өмүракуновдун ысымы ыйгарылсын

2. Ат-Башы райондук балдар, өспүрүмдөр спорт мектеби «Өмүракунов Муктарбек» атындагы балдар, өспүрүмдөр спорт мектеби деп аталсын

3. Райондук балдар, өспүрүмдөр  спорт мектебине  ар тараптан каржылык  жардам берип туруу  жагы маркумдун үй-бүлөөсүнө жана «Замандаш-Современник» партиясына  сунушталсын.

4. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, «Ат-Башы жащылыктары» гезитине жарыялоого сунушталсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

Төрага

К.Айдыралиев