Редакцияот 03.04.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын кезектеги  ХVIII сессиясы

 

2015-жылдын 3-апрели № 18/2

 

Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2015-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө

Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2015-жылга карата долбоору боюнча Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысынын, финансы-экономика бөлүмүнүн башчысынын сунуштарын, Ат-Башы айыл аймагындагы мектептердин, бала бакчалардын жана башка мекеме, уюмдардын кайрылууларын угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 1. Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2015-жылга карата бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрү төмөндөгүдөй өлчөмдөргө бекитилсин:

Киреше бөлүгү:

Жергиликтүү бюджетке түшүүчү салыктар жана салык эмес жыйымдар -19 942 700( он тогуз миллион тогуз жүз кырк эки мищ жети жүз) сом;

Теңдештирилген грант –3 415 100 ( үч  миллион төрт жүз  он беш мищ бир жүз)  сом.

Баардыгы:- 23 357 800(жыйырма үч миллион үч жүз элүү жети мищ сегиз жүз) сом.

Чыгаша бөлүгү:

Башкаруу аппараты –16 268 100(он алты миллион эки жүз алтымыш сегиз мищ  бир жүз) сом;

Мектептер –4 100 100( төрт  миллион бир жүз мищ бир жүз) сом;

Бала бакчалар –2 989 600( эки миллион тогуз жүз сексен тогуз мищ алты жүз ) сом.

Баардыгы: 23 357 800 ( жыйырма үч миллион үч жүз элүү жети мищ сегиз жүз) сом.

2. Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2015-жылга карата бекитилген бюджетин түзүлгөн сметага ылайык аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөттүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Т.Жусубалиевге милдеттендирилсин.

3. Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2015-жылга карата бюджетинин аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы К. Чоробековго тапшырылсын.

4. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп , «Ат-Башы жаңылыктары» гезитине жарыялоого сунушталсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн

 

 

Төрага

К.Айдыралиев