Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 29-апрели № 19/2
Ат-Башы айыл аймагынын жайыт пайдалануучулардын жайыт комитетинин 2015-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын жайыт пайдалануучулардын жайыт комитетинин 2015- жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндөгү Б. Ибраевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы айыл аймагынын жайыт комитетинин 2015-жылга карата бюджетинин киреше бөлүгү 130 050( жүз отуз миң элүү) сомго, чыгаша бөлүгү 130 050 (жүз отуз миң элүү) сомго бекитилсин.
2. Бир айлык мөөтөттө иш план иштеп чыгып, айылдык Кеңештин кийинки сессиясында бекиттирүү жагы жайыт комитетинин башчысы Б.Ибраевге тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Т.Жумакадыровго тапшырылсын.
4. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, «Ат-Башы жанылыктары» гезитине жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | К.Айдыралиев |