Редакцияот 29.04.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын кезектеги ХIX сессиясы

 

2015-жылдын 29-апрели № 19/3

 

Ат-Башы айылдык Кеңешинин депутаты Ж. Жумаковдун арызы жөнүндө

Ат-Башы айылдык Кеңешинин депутаты Ж.Т. Жумаковдун 03.04.2015-жылдагы жазган арызын карап жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңеши 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. КРнын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 24-статьясынын 2-пунктуна, КРнын «Жергиликтүү кещештердин депутаттарынын статусу жөнүндө»  Мыйзамынын 3-статьясына ылайык Ат-Башы айылдык Кеңешинин депутаты   Жумаков Жаныбек Темирбековичтин өзүнүн арызына ылайык депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.                          

2. Ат-Башы айылдык Кеңешине кийинки депутатты аныктап берүү жагы Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын. 

3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп , «Ат-Башы жаңылыктары» гезитине жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

Төрага

К.Айдыралиев