Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 29-апрели № 19/4
Ат-Башы айыл аймагынын жайыт комитетинин 2015-жылга карата жайыт акыларын жана жайыт жерлерин пайдалануу үчүн бекиткен акылары жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын жайыт комитетинин 2015-жылга карата жайыт акыларын жана жайыт жерлерин пайдалануу үчүн бекиткен акылары жөнүндөгү, жайыт комитетинин башчысы Б.Ибраевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы айыл аймагы боюнча 2015-жылга карата жайыт акыларын жана жайыт жерлерин пайдалануу үчүн акылар төмөндөгүдөй бекисин:
А) 1 баш бодо малга -75( жетимиш беш) сом
В) 1 баш торпок, тайга - 52,50 (элүү эки) сом 50 тыйын
С) 1 баш кой, эчкиге -15 (он беш) сом.
2. Жай мезгилинде алыскы жайытка убагында көчпөгөн, айдоо жерлерге кирген малдар үчүн төмөндөгүдөй айыптар белгиленсин.
А)1баш бодо малга -500( беш жүз) сом
В)1баш торпок,тайга -300(үч жүз) сом
С)1 баш кой, эчкиге -50(элүү) сом
Д)1 баш козу, улакка -30(отуз) сом
3. Айып салуудан түшкөн акча каражат, жайыт комитетинин эсебине кириштелсин жана жайыт комитетинин ар кандай муктаждыктарына жумшалсын.
4. Жайыт эсебиндеги жерлерди башка максаттарга чөп чабыкка пайдаланып жаткан жер аянттарына келишим түзүлсүн жана жер кыртышын бузууга жол берилбесин,пайдаланган жер үчүн 1 (бир) сотых жерге 10(он) сомдон төлөнсүн.
5. Сары-Гоо, Таш-Өтөк, Чар ички жайыттарына,жайкысын бир да малчы калбай, алыскы жайыттарга көчүрүлсүн,жайкысын сарайларга, сарайчылар саап ичкенге 1(бир) баш уйга уруксат берилсин.
6. Ат-Башы айыл аймагынын элинин малын багуу акысы, майда жандыктарга 30( отуз) сомдон, бодо малга 200( эки жүз) сомдон бекитилсин.
7. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, «Ат-Башы жаңылыктары» гезитине жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | К.Айдыралиев |