Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 29-апрели № 19/5
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаты, Кеңештин төрагасынын орун басары Жумаков Жаныбек Темирбекович өзүнүн берген арызына жана Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин регламентине ылайык, депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыгын эске алып, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин жалпы депутаттарынын көпчүлүк добушун алгандыгына байланыштуу, айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары болуп Асанбаева Клара Асановна шайлансын.
2. Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин регламентине ылайык өз милдеттерин аткарсын.
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп , «Ат-Башы жаңылыктары» гезитине жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | К.Айдыралиев |