Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 29-апрели № 19/7
Мамлекеттик салык кызматынын Ат-Башы району боюнча башкармалыгынын начальниги Р.Абдылдаевдин кайрылуусу жөнүндө
Айыл чарба багытындагы жер аянттарын пайдалангандыгы үчүн, жер салыгынын базалык ставкасын көтөрүү жөнүндөгү мамлекеттик салык кызматынын Ат-Башы району боюнча башкармалыгынын начальниги Р.Абдылдаевдин кайрылуусун угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл чарба багытындагы жер аянттарын пайдалангандыгы үчүн, жер салыгынын базалык ставкасынын өлчөмү, мурдагы базалык ставкасы боюнча калтырылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн жетектөөчү адиси Г.Миңбаевага тапшырылсын.
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп , «Ат-Башы жаңылыктары» гезитине жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | К.Айдыралиев |