Загрузка документа…
ЭМГЕКЧИЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 13-майы № 3
Эмгекчил айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адис статист-экономист кызматкеринин кызмат ордун, штаттык бирдигин, сметасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 17-март 2014-жылдагы № 145 жана 19-декабрь 2014-жылдагы № 715 жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын же ыйгарым укуктарын өткөрүп берүүнүн тартиби жөнүндөгү токтомунун негизинде Эмгекчил айыл өкмөтүндө 1-июнь 2015-жылдын жана 2016-жылга карата жетектөөчү адис статист-экономист кызмат ордун,штат бирдигин жана сметасын бекитүү жөнүндө Эмгекчил айыл аймагынын айылдык Кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 17-март 2014-жылдагы № 145 жана 19-декабрь 2014-жылдагы № 715 жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын же ыйгарым укуктарын өткөрүп берүүнүн тартиби жөнүндөгү токтомунун негизинде Эмгекчил айыл өкмөтүндө 1-июнь 2015-жылдын жана 2016-жылга карата жетектөөчү адис статист-экономист кызмат ордун,штат бирдигин жана сметасы бекитилсин.
2. Эмгекчил айыл өкмөтүндө 1-июнь 2015-жылдын жана 2016-жылга карата жетектөөчү адис статист-экономист кызмат ордун,штат бирдигин жана сметада көрсөтүлгөн акча каражаты мөөнөтүнөн кечиктирилбей төлөп берүү жагы Кыргыз Республикасынын улуттук стат комитетинен жана Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинен суралсын.
(смета,расчету тиркелет)
3. Бул токтомдун аткарылышы Эмгекчил айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Б.Жолочиевага милдеттендирилсин.
Төрага | Н.Мусаев |