Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 25-февралы № 23/5
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн Орток айылындагы жаңы салынган “Мойнок-Орток” жолун Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрлигинин карамагына өткөрүү жөнүндөгү 9-июнь 2014-жылдагы №18/3 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Жунушалиевдин, Орток айылын негизги чоң жол менен бириктирүүчү жаңы салынган “ Мойнок-Орток” жолун Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрлигинин карамагына өткөрүү жөнүндөгү 9-июнь 2014-жылдагы №18/3 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кара-Суу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 9-июнь 2014-жылдагы №18/3 токтомундагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы Орток айылына жаңы салынган 2,5( эки жарым) километр дегендин ордуна 4,5( төрт жарым) километр “ Мойнок-Орток” жолу Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрлигинин карамагына өткөрүлсүн деп окулсун.
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Жунушалиевге тапшырылсын.
Төрага | Т.Курткаев |