Редакцияот 03.04.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу  айыл аймагынын айылдык Кеңешинин  V чакырылышынын  кезектеги  XXVI сессиясы   

   

                                                                            

2015-жылдын 3-апрели № 24/4                 

 

2015-жылга карата жазгы айдап себүү жумуштарын жүргүзүү боюнча айыл өкмөттүн дыйкан фермерлерине техникалык кызмат көрсөткөн техникалардын кызмат акыларынын бааларын бекитүү жөнүндө

Кара-Суу айыл өкмөтүнүн аймагында 2015-жылга карата жазгы айдап себүү жумуштарын жүргүзүү боюнча айыл өкмөттүн дыйкан фермерлерине техникалык кызмат  көрсөткөнтехникалардын кызмат акыларынын баалары жөнүндө талкуулап  депутаттардын Кара-Суу айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1.Кара-Суу айыл өкмөтүнүн аймагында 2015-жылга карата жазгы айдап себүү жумуштарын жүргүзүү боюнча айыл өкмөттүн дыйкан фермерлерине техникалык кызмат  көрсөткөн техникалардын кызмат акыларынын баалары төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:

       1.Айдоо (соко) 1 га.  1000 сом ; 25 литр күйүүчү май.

       2. Малалоо бир сыйрасы 1 га .300 сом; 10литр күйүүчү май.

      3. Планировка 1га 300 сом; 10литр күйүүчү май.

       4. Себүү (сеялка) эки сыйрасы 1га. 500 сом 15 литр күйүүчү май.

      5. Арык тартуу узундугуна карабай  50 сом  5литр күйүүчү май.

      6. Эгин чабык  1 га 1000сом 25 литр күйүүчү май.

      7. Чөп чабык 1 га 1000 сом – 600 сом 10 литр күйүүчү май.

      8. Чөп таңгактоо  5 сомдон 10 литр күйүүчү май.

       9. Эгин тартуу – 300 сом 10 литр май

 

     2. Бул токтомду жетекчиликке алып аткартуу жагы Кара-Суу айыл аймагынын айыл  өкмөтүнүн башчысы Т. Жунушалиевке милдеттендирилсин.

 

 

     Төрага

Т.Курткаев