Редакцияот 03.04.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу  айыл аймагынын айылдык Кеңешинин  V чакырылышынын  кезектеги  XXVI сессиясы    

   

                                                                            

2015-жылдын 3-апрели № 24/5                 

 

Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагында таштандыларды көзөмөлдөө  жөнүндө

Кара-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктуу конуштардын санитардык жана экологиялык  абалын жакшыртуу максатында Кара-Суу айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдарда таштандыларды  айыл өкмөтү тарабынан бөлүнүп берилген жер аянттарына таштоо жагы айыл тургундарына түшүндүрүлсүн.

2. Таштандыларды белгиленген аянтчаларга төкпөстөн, көчөгө  таштагандарга  1000(миң) сомдон ,  чоң суунун жээгине таштаган айыл тургундарына 5000(беш миң) сомдон  айып пул төлөтүлсүн .

3. Жайлоолордо чоң суунун жээгине таштандыларды ,койлордун кыркылган жүндөрүн тазалабастан таштаган чабандарга 5000(беш миң) сомдон айып пул салынсын

4. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Жунушалиевге таштанды төгүлүүчү жерлерге атайын табличкаларды илдирүү  жана айып пулдун өлчөмү жазылган атайын эскертүүлөрдү орноттуруу жагы милдеттендирилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Суу айылдык Кеңешинин туруктуу комиссияларына милдеттендирилсин.

 

 

     Төрага

Т.Курткаев