Редакцияот 03.04.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу  айыл аймагынын айылдык Кеңешинин  V чакырылышынын  кезектеги  XXVI сессиясы    

   

                                                                            

2015-жылдын 3-апрели № 24/6                 

 

 

Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кызыл-Дөбө орто мектебинин жана А. Жалпетеков атындагы орто мектептин пайдаланылбай калган эски терезелерин пайдаланууга алуу жөнүндө

  Кара-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы Мантыш айылындагы ҮДТ № 7 имаратынын  абалын жакшыртуу максатында Кара-Суу айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кызыл-Дөбө орто мектебинин пайдалылбай калган эски терезесинен 15(он беш) даанасы, Орток айылындагы А. Жалпетеков атындагы орто мектебинин пайдаланылбай калган эски терезесинен 10(он) даанасы айнектери менен Мантыш айылындагы ҮДТ № 7 терезелерин жаңыртуу үчүн берилсин.

2. Калган эски терезелер мектеп жамаатынын ичинен түзүлгөн комиссия менен бирдикте баасы аныкталып ,сатуудан түшкөн каражат мектептин өз керектөөсүнө жумшалсын  .

3. Бул токтомду  аткаруу  жагы мектеп директорлору Б. Байгазиевге жана Ж. Мусаевага милдеттендирилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн экономика бөлүмүнун башчысы, башкы эсепчи К. Темиралиевге милдеттендирилсин.

 

 

     Төрага

Т.Курткаев