Редакцияот 03.04.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу  айыл аймагынын айылдык Кеңешинин  V чакырылышынын  кезектеги  XXVI сессиясы    

   

                                                                            

2015-жылдын 3-апрели № 24/7                 

 

Кара-Суу айыл өкмөтүнүн тургундарынын төрт түлүк малын 2015-жылы жайлоого жайлатуу үчүн алып чыккан малчы чабандардын эмгек акысын  бекитүү жөнүндө

 2015-жылы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн тургундарынын төрт түлүк малын жайлоого алып чыгып багып багып келүүдө, мал баккан бадачылардын эмгек акылары боюнча талкуулап депутаттардын Кара-Суу айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн тургундарынын төрт түлүк малын багуучу бадачылар 2015-жылдын 20-апрелинен тартып алыскы жайыттарга көчүү жагы каралсын.

2. Айдоо аянт жерлеринин корук иштери 20-апрелден башталсын , малды корукка жайгандарга айып пулдун өлчөмү 1 (бир) баш койго – 20(жыйырма) сомдон, 1( бир) бодого – 100 (бир жүз) сомдон белгиленсин.

3. Күзүндө жайлоодон 5-октябрдан эрте түшкөн малга айып пулдун өлчөмү 1 (бир) баш койго – 50(элүү)  сомдон, 1( бир) бодого – 500(беш жүз)  сомдон белгиленип мал баккан бадачыга салынары эскертилсин.

4. 2015-жылы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн тургундарынын төрт түлүк малын жайлоого алып чыгып багып багып келүүдө, мал баккан бадачылардын эмгек акылары төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:

Кой козу башына 25 сомдон;

Эчки улак башына 30 сомдон;

Уй, торпок башына 200 сомдон ( саандарына мал ээси менен чабандын макулдашуусу)

Жылкы, тай башына 200 сомдон ( саандарына жана мингичтерине мал ээси менен чабандын макулдашуусу)

5. Бул токтомду жетекчиликке алып аткартуу жагы Кара-Суу айыл аймагынын айыл  өкмөтүнүн башчысы Т. Жунушалиевке милдеттендирилсин.

 

 

     Төрага

Т.Курткаев