ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ХХVI чакырылышынын кезексиз 21- сессиясы
2015-жылдын 21-апрели № 2
Дөбөлү айыл аймагындагы Алыш айыл тургундарынын үлүш жерлерине корукчуга төлөнүүчү тарифти бекитүү жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагындагы Алыш айыл тургундарынын үлүш жерлерине корукчуга төлөнүүчү акыны бекитүү боюнча элдин сунушунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дөбөлү айыл аймагынын айылынын айыл тургундарынын улуш жер ээлери корукчуга коруп бергендиги үчүн төмөндөгүдөй акы бекитилсин.
- Дөбөлү айыл аймагындагы Алыш айылындагы айыл тургундарынын үлүш жер ээлери, 1 га үлуш жерине ай сайын 60 (алтымыш) сом;
2. Дөбөлү айыл аймагында Алыш айылында 1-майдан 1-октябрга чейин «Бада»(кесүү) уюштурулсун.
3. Кесүү убагында малдар корук жерлерге түшкөн болсо айыбы төмөндөгүдөй болуп бекитилсин.
- 1 (бир) уй, жылкыга, эшек 100 (жүз) сом;
- 1 (бир) музоого, кулун 30(отуз) сом.
4. Өз кезеги келген кесүүчү эрте мененки саат 6:00дон кечки саат 20:00го чейин корукка уйларды түшүргөн болсо, ар бир уйга 100 (жүз) сомдон айыбын төлөп, уй ээсине чыгарып берилсин.
5. Алыш айылынын айыл тургундарынын үлүш жерлерин 1-майдан – 1-октябрга чейин «Салкын-Төр», «Кур-Сай» участкасына Максат Тентиев, Женишбек Исаев, «Салкын-Төр» участкасынан «Чычырканак» участкасына чейин Майрамбек Исаев жоопкерчилик менен коруп берүү жагы милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышынын камсыз кылуу жана көзөмөлдөө жагы Алыш айыл башчысы Ж. Алымбаевге тапшырылсын.
Төрага | К.Исаков |