ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ХХVI чакырылышынын кезексиз 21- сессиясы
2015-жылдын 21-апрели № 1
Дөбөлү айыл аймагындагы айыл тургундарынын үлүш жерлерине корукчуга төлөнүүчү тарифти бекитүү жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагындагы айыл тургундарынын үлүш жерлерине корукчуга төлөнүүчү акыны бекитүү боюнча элдин сунушунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дөбөлү айыл аймагынын Кенеш айылынын айыл тургундарынын улуш жер ээлери корукчуга коруп бергендиги үчүн төмөндөгүдөй акы бекитилсин.
- Дөбөлү айыл аймагындагы Кенеш айылындагы айыл тургундарынын үлүш жер ээлери, 1 га үлуш жерине ай сайын 50 (элүү) сом;
2. Дөбөлү айыл аймагында Кенеш айылында 1-майдан баштап «Бада»(кесүү) уюштурулсун.
3. Кесүү убагында малдар корук жерлерге түшкөн болсо айыбы төмөндөгүдөй болуп бекитилсин.
- 1 (бир) уй, жылкыга,эшек 100 (жүз) сом;
- 1 (бир) музоого,кулун 30(отуз) сом.
4. Өз кезеги келген кесуусу эртен мененки саат 7-00дон кечки саат 20-00 го чейин корукка уйларды тушургон болсо,ар бир уйга 100 сомдон айыбын толоп,уй ээсине чыгарып берсин.
5. 1-майдан баштап Кенеш айылынын айыл тургундарынын үлүш жерлерин 1-майдан – 1-октябрга чейин жоопкерчилик менен коруп берүү жагы Болот Чынгышовго жана Айбек Турдакуновго милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышынын камсыз кылуу жана көзөмөлдөө жагы Кенеш айыл башчысы Ж. Курмановго тапшырылсын.
Төрага | К.Исаков |