Редакцияот 11.03.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Дөбөлү  айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ХХVI чакырылышынын кезексиз  19- сессиясы

                                                                              

2015-жылдын 11-марты № 8      

Айыл тургундарына Дөбөлү  айыл өкмөтү тарабынан берилүүчү справкалардан алынуучу мамлекеттик пошлиналарды бекитүү жөнүндө

Дөбөлү  айыл  аймагынын  айыл өкмөтү тарабынан 2015-жылы берилүүчү справкалардан алынуучу мамлекеттик пошлиналарды бекитүү  максатында

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Дөбөлү  айыл  өкмөтү тарабынан 2015- жылы берилүүчү төмөндөгү справкаларга женилдиктер берилсин жана мамлекеттик пошлина толоодон женилдиктер берилсин жана бошотулсун.

 -Аскер комиссариатына берилуучу справкаларга;

- пособие чектөө боюнча соц жардамга берилген справкаларга;

- паспорт алууга берилген справкаларга;

- Укук коргоо органдарына берилуучу справкаларга;

- пособие, пенсия алууга берилген ишеним кат үчүн;

2. Томондогу берилген справкаларга, мамлекеттик пошлина алынсын.

- Ар кандай кредит беруучу мекемелерге жана  башка мекемелерге  берилген справкалардын баардык туруно - 5 сомдон.

- Мал  сатууга  берилүүчү справкаларга:

Майда  жандык  кой-эчкиге  берилүүчү справкага – 10 сомдон;

Ири мүйүздү  малдарга жана  жылкыларга берилүүчү справкага – 50 сомдон

3. Токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө жагы  Дөбөлү айыл өкмөт  башчы  Ибраимакун  уулу Жанышбекке  тапшырылсын.

 

 

     Төрага

К.Исаков