Редакцияот 11.03.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Дөбөлү  айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ХХVI чакырылышынын кезексиз  19- сессиясы

                                                                              

2015-жылдын 11-марты № 4      

Дөбөлү  айыл  аймагынын  жайыт  жерине  тиешелүү  Сейил-Булак  участкасындагы жердин  аренда  акысын  бекитүү  жөнүндө

Дөбөлү  айыл  аймагынын  жайыт  жерине  тиешелүү  Сейил-Булак  участкасындагы элге  кызмат  көрсөтүү  үчүн  жана  башка  пайдаланууга  берилген жердин  аренда  акысын  бекитүү  максатында

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Дөбөлү  айыл  аймагынын  жайыт  жерине  тиешелүү  Сейил-Булак  участкасындагы 1 га  жерди элге  кызмат  көрсөтүү  үчүн  жана  башка  пайдалануу  учун   аренда  акысы 3000 ( үч  миӊ)  сом  болуп  бекитилсин.

2. Бул  токтомдун  аткаруу  жана  көзөмөлдөө  жагын Дөбөлү  айыл  аймагынын  Жайыт  комитетинин  төрагасы  Ж.Султановго  тапшырылсын.

 

     Төрага

К.Исаков