Редакцияот 11.03.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Дөбөлү  айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ХХVI чакырылышынын кезексиз  19- сессиясы

                                                                              

2015-жылдын 11-марты № 2      

Дөбөлү айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын өз эсебинде калган акча каражатына смета бекитүү жөнүндө

Дөбөлү айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын башына өз эсебине калган акча каражатынан смета бекитүү боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы Ибраимакун уулу Жанышбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап депутаттардын Дөбөлү айылдык кеңешинин сессиясы 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Дөбөлү айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын башына айыл өкмөтүнүн өздүк эсебинде калган акча каражатынын сметасы киреше жана чыгаша бөлүгү 357700 сом болуп бекитилсин.

2. Аталган сумма төмөндөгү статьяларга жумшалсын.

АУП 70111

Статья 2214 транспорт чыгымдары

Статья 22141100 ГСМ алууга 10000 сом

Статья 22141200 запастык болукторду алууга 25000 сом

Статья 2215 Башка чарбалык чыгымдар

Статья 22154900 Башка кызмат көрсөткөндүгү үчүн төлөмдөр 195000 сом

Жалпы сумма 230000 сом

Бала бакчалары

Статья 22144900 -60900 сом

Статья 22211100 - 66800 сом

Жалпы сумма 127700 сом

Бардыгы айыл өкмөтү боюнча керектелүүчү сумма 357700 сом.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин депутаттарына, туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн финансы - экономика бөлүмүнүн башчысы Э.Турганбаевага жүктөлсүн.

 

     Төрага

К.Исаков