Редакцияот 10.01.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Дөбөлү  айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ХХVI чакырылышынын кезексиз  18- сессиясы

                                                                              

2015-жылдын 10-январы № 2    

 

Дөбөлү айыл аймагында  2015-жылдын башына өз эсебинде калган акча каражатына смета бекитүү жөнүндө

     Дөбөлү айыл  аймагынын  айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын башына өз эсебине калган өздук эсептеги акча каражатынан смета бекитүү боюнча айыл округунун башчысы Ибраимакун уулу Жанышбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап депутаттардын Дөбөлү айылдык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

     1. Дөбөлү айыл округунун 2015-жылдын башына айыл окмотунун оздук эсебинде калган атайын эсептеги акча каражатынын сметасы киреше жана чыгаша бөлүгү 55400 сом болуп бекитилсин. Аталган сумма төмөндөгү статьяларга жумшалсын.

Статья 22111100 - өткөн отчеттук жылда кызматкерлерге болгон кредитордук карыздарды жабууга.- 15400 сом.

Статья 22221200 - Майда чарбалык жана канцеляриялык буюмдарды алууга -30000 сом Статья 22141100 - Куйүүчү май алууга - 10000 сом.

        2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин депутаттарына,туруктуу комиссиясына жана тиешелүү документтерди даярдап берүү айыл өкмөтүнүн финансы – экономика бөлүмүнүн башчысы Э.Турганбаевага жүктөлсүн.

 

 

     Төрага

К.Исаков