Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 17-февралы № 20/3
Семиз-Бел айыл аймагындагы ФАП башчыларынын жүргүзгөн иштери жөнүндө
Семиз-Бел айыл аймагындагы Кара-Тоо, Арсы, Семиз-Бел, Чекилдек айылдарындагы ФАП башчыларынын 2013-2014-жылдарга карата жүргүзгөн иштери жөнүндө жана туруктуу комиссиянын маалыматын угуп жана талкуулап Семиз-Бел айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семиз-Бел айыл аймагындагы Кара-Тоо, Арсы, Семиз-Бел,Чекилдек айылдык ФАП башчыларынын 2014-2015-жылдарга карата жүргүзүп келген иштери «Канаттандыраарлык» деп табылсын.
2. Семиз-Бел айыл аймагындагы Кара-Тоо, Арсы, Семиз-Бел, Чекилдек айылдык ФАПтарынын кызматкерлери айыл элин сапаттуу тейлөө, социалдык оорулардын алдын алуу, каттоодо турган жарандардын ал абалын өз убагында билип туруу, рецеп менен бериле турган дары-дармектер менен үзгүлтүксүз камыз кылуу менен медициналык биринчи жардамды өз учурунда көрсөтүү жагы тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеӊештин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | М.Букамбаев
|