Редакцияот 05.02.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

              Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XVII сессиясы

 

2015-жылдын 5-февралы № 17/5         

Чолпон айылынын күн батыш тарабындагы сугат суусун чыгаруучу 13 (он үч) насосту айыл өкмөтүнүн карамагына (балансасына) алуу  жөнүндө

Чолпон айылынын күн батыш тарабында союз мезгилинде курулуп сугат суу менен айдоо аянттарын камсыз кылып иштеп турган 13 (он үч) суу насосу союз тараган мезгилде кароосуз калып, тонолуп кеткендиктен айыл өкмөттүн карамагына  (баланска) отпөй калгандыгы, бүгүнкү күндө бул насостор Райондун, областын тиешелүү мекеме-уюмдардын карамагында (балансасында) жок экендиги боюнча жер адис Карбозов Алайбектин маалыматын угуп жана талкуулап  Депутаттардын Чолпон   айыл аймагынын айылдык  Кеңеши

Т О К Т О М   К Ы Л А Т :

1. Чолпон айылынын күн батыш жагындагы сугат сууларын жер алдынан соруп чыгаруучу 13 (он үч) суу насосу (тонолгон) айыл өкмөттүн аймагында жайгашкандыктан айыл өкмөтүнүн карамагына (балансасына) кабыл алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Букаровго милдеттендирилсин.

 

 

        Төрага

Б. Акматов