Редакцияот 24.03.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

              Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы

 

2015-жылдын 24-марты № 18/4

 

Чолпон   айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн атайын каражаттар боюнча  2015-жылдын бюджетин бекитүү жөнүндө

Чолпон айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы  Ш.Ташматовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесинин 3- бөлүмчөсүнүн, 31-беренесинин 2-бөлүмчөсүнө ылайык  Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык  Кеңеши                             

Т О К Т О М   К Ы Л А Т :

1. 2015-жыл үчүн Чолпон айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн атайын каражаттар боюнча бюджети 338,5  (үч жүз отуз сегиз миң беш жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин жана төмөндөгү максатта пайдаланылсын:

1) аппаратка      2211   жол кире                               10,0 миң сом

2) аппаратка      2214   транспорт чыгымы            10,0 миң сом

3) аппаратка      2215   ар кандай чыгымга            92,0 миң сом

4) аппаратка      2221   тех.ремонт                           30,0 миң сом

5) аппарат          2224   көмүргө                                10,0 миң сом

6) дет.садка       2218   тамак-аш үчүн                   188,5 миң сом

2. Каражаттын киреше болумунун аткарылышын козомолго алуу башкы эсепчи Ш.Ташматовго, алардын максатка ылайыктуу пайдаланышы айыл өкмөттүн башчысы К.Букаровго жана башкы эсепчи Ш.Ташматовго милдеттендирилсин.

 

 

 Төраганын орун басары

Б. Жапаров