Редакцияот 16.04.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

              Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XIX сессиясы

 

2015-жылдын 16-апрели № 19/5           

 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык кызматынын Кочкор району боюнча башкармалыгынын 09.04.2015-жылдагы 3036/В-и/ 522 чыгыш каты жөнүндө

Мамлекеттик салык кызматынын Кочкор  району боюнча башкармалыгынын 09.04.2015-жылындагы “Айыл чарба жерлерин  пайдалангандыгы  учүн жер салыгынын базалык ставкаларын жогорулатуу боюнча” келген №036/В-И/ 522 сандуу чыгыш каты боюнча айыл өкмөттүн  киреше боюнча башкы адис Р.Асыранкулованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын  айылдык Кеңеши

Т О К Т О М   К Ы Л А Т :

1. Чолпон айылдык аймагынын  айыл өкмөтүндө айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын  базалык ставкалары өзгөртүүсүз  калтырылсын.

2.  Айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын базалык ставкасын жогорулатууга карата айыл тургундарына  түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы айыл башчылары менен бирдикте жер адис А.Карбозовго, айыл чарба боюнча жетектөөчү адис К. Доскуловго милдеттендирилсин.

3.Айыл чарба жердин пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын базалык ставкаларын  жогорулатуу боюнча  маселе 2015-жылдын декабрь айындагы Депутаттардын айылдык Кеңешин кезектеги сессиясынын күн тартибине киргизилсин.

 

 

  Төраганын орун басары

Б. Жапаров