Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 17-июну № 20/8
Ара-Көл орто мектебине ысым ыйгаруу жөнүндө
Ара-Көл айылынын тургуну Ш.Жапаровдун арызын жана Ара-Көл айылынын тургуну Ирсалиев Молдобектин ысымын Ара-Көл орто мектебине ыйгарууну сунушташкан , Кыргыз мал чарба жана жайыт илим-изилдөө институтунун директору Т.Турдубаевдин , Нарын облустук “Теңир-Тоо” коомдук саясий гезитинин редактору Т.Дүйшөналиевдин, Кыргыз Мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана адистикти жогорулатуу институтунун ректору Т.У.Чубаковдун, Кыргыз Республикасынын улуттук жазуучулар союзунун башкармасынын төрагасы Ч.Абыкеевдин, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиясынын төрагасы Р.Момбековдун сунуштарын угуп, жана талкуулап Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Ара-Көл айылынын Ара-Көл орто мектебине ысым ыйгаруунун (ат коюнун) натыйжалары жөнундө эсептөө комиссиясынын №2 Протоколу бекитилсин.
2. Ара-Көл айылынын “Ара-Көл орто мектебине ысым ыйгаруу (ат кою) боюнча жабык- жашыруун добушка коюлуп, натыйжасында көпчүлүк добушка ээ болгон Жапаров Шеримбектин ысымы ыйгарылып “Жапаров Шеримбек атындагы Ара-Көл” орто мектеби деп аталсын.
Төраганын орун басары | Ч. Сыдыкова
|