Редакцияот 15.01.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАЛДЫ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

              Депутаттардын Талды-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVI шайланган кезексиз XVI сессиясы

 

2015-жылдын 15-январы № 16/1          

Талды-Суу айылындагы ҮДТга маркум Байсалов Иманкулдун ысымын берүү жөнүндө

  Депутаттардын Талды-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVI шайланган кезексиз  ХVI сессиясы

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Талды-Суу айылынын жашоочуларынын  8-январь 2015-жылдагы №1 жалпы элдик жыйынын токтому бекитилсин.

2. Талды-Суу айылындагы ҮДТга маркум Талды-Суу айылынын тургуну Байсалов Иманкулдун ысымы берилсин

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө ҮДТнын дарыгери М Орозалиевага милдеттендирилсин.

 

  Төрага

Ж. Молоев