Загрузка документа…
ТАЛДЫ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 7-марты № 18/1
Талды-Суу айылындагы Байсалов Иманкул атындагы ҮДТга келген автомашинаны баланска алуу жөнүндө
Депутаттардын Талды-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVI шайланган кезексиз XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талды-Суу айылындагы Байсалов Иманкул атындагы ҮДТга келген “Хонда Стрим” үлгүсүндөгү автомашина Талды-Суу айыл өкмөтүнүн балансына алынсын.
2. Автомашинанын баасы 6500 АКШ доллары менен баалансын.
3. Автомашина келишимдин негизинде Үй бүлөлүк дарыгелер тобуна өткөрүлүп берилсин.
4. Автомашинаны оң абалында өз максатына пайдалануу ҮДТнын башкы дарыгери М Орозалиевага милдеттендирилсин.
5. Автомашинаны баланска алып келишим менен өткөрүп берүү айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери Н Боогачиевага тапшырылсын.
Төрага | Ж. Молоев
|