Редакцияот 21.04.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАЛДЫ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

              Депутаттардын Талды-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз XXVI чакырылышынын XIX сессиясы

 

2015-жылдын 21-апрели № 19/1           

Өзгөрүш айылындагы “Таш-Кыя” учаскасындагы “Асанкары”, Таш-Кыя” дыйкан чарбаларынын  сарайдан алган үлүштөрүн  бекитип берүү жөнүндө              

Депутаттардын Талды-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз XIX сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Өзгөрүш айылындагы “ Асанкары”, “ Таш-Кыя” дыйкан чарбаларынын 2001-жыл 3-майдагы №2 биргелешкен токтомунун негизинде “Таш-Кыя” учаскасындагы азыркы учурда Исмаилов Алмазбек жашап турган сарайдагы үлүштөрү  үлүш ээлерине жеке менчигине бекитилип берилсин.

2. Тиешелүү укуктук документтери менен камсыз кылуу Ат-Башы райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн жер, турак жай, коммуналдык менчик, жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адис Н Алакуновко тапшырылсын.

 

  Төрага

Ж. Молоев