Редакцияот 14.05.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-ТАЛАП АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Жаңы-Талап айылдык Кеңешинин № ХI сессиясы

 

2014-жылдын 14-майы № XI/4                                             

Жаңы – Талап айыл аймагынын ден соолук  2012-2013-жылга карата аткарган иши жөнүндө

КР «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамдарына ылайык  2012-2013 – жылга карата Жаңы-Талап айыл аймагынын ден соолук  комитетинин аткарган ишин угуп жана талкуулап Жаңы – Талап айылдык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жаңы-Талап айыл аймагынын Ден соолук комитетинин  2012-2013-жылга карата аткарган иши канааттандырарлык  деп табылсын.

2. Жаңы–Талап айыл аймагындагы айылдык мончонун тегерегин жашылдандыруу, бак – дарактардын көчөтүн отургузуу жагы Ден соолук комитетинин башчысы Т.Кадыровага тапшырылсын

3. Ден-соолук комитетинин кийим тигүүчү машинкаларын иштетүү үчүн Жаңы –Талап айылдык маданият үйүнүн артындагы бөлмөнү  бөлүунү карап чыгып, чечүү жагы Жаңы – Талап айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы У.Жусупжановго тапшырылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын социалдык маселелер боюнча комитетине милдеттендирилсин.

 

  Төрага

Д. Казаков