Редакцияот 14.05.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-ТАЛАП АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Жаңы-Талап айылдык Кеңешинин № ХI сессиясы

 

2014-жылдын 14-майы № XI/10                                           

Жаңы – Талап айыл аймагында ФАПтын имаратын курууга жер бөлүп берүү жөнүндө

КР «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамдарына жана КР Жер кодексине ылайык  Жаны-Талап айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы У.Жусупжановдун сунушун  угуп жана талкуулап Жаңы – Талап айылдык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жаңы-Талап айыл аймагындагы Байланыш бөлүмчөсүнүн имаратынын артындагы муниципалдык жерден ФАПтын имаратын курууга 0,30га жер бөлүнүп берилсин  

2. Жер тилкесин бөлүп берүү жагы Ак – Талаа райондук архитектура жана шаар курулуш башкармалыгынан, кыймылсыз мүлккө болгон жеке менчик укугун Ак – Талаа райондук мамлекеттик каттоо бөлүмүнөн суралсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы – Талап айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы У.Жусупжановго милдеттендирилсин.

 

  Төрага

Д. Казаков