Загрузка документа…
КАБАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 30-октябры № 26-11-5
Жумгал райондук таза суу пайдалануучулар коомдук бирикмесининин сунушуна ылайык, Кабак айыл аймагынын Кабак айылдык кеңеши Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү Табылгыты жана Кызыл-Коргон айылдарын таза суу менен камсыз кылган «Табылгыты-Нурлан» ичүүчү суу пайдалануучулар коомдук бирикмесин, айылдарды таза суу менен камсыздоодо атайын техникадан жардам алуу үчүн Жумгал райондук таза суу пайдалануучулар коомдук бирикмесинине мүчө кылып киргизүү жөнүндө
Кабак аймагынын айылдык Кеңешинин сессиясы, Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтү М.Шейшеновдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кабак айыл өкмөтүндөгү Табылгыты, Кызыл-Коргон айылдарынын таза суу менен камсыз кылуучу «Табылгыты-Нурлан» ичүүчү суу пайдалануучулар коомдук бирикмеси Жумгал райондук таза суу пайдалануучулар коомдук бирикмесинин техникалык тейлөө сервисине мүчөөлүккө киргизилсин.
2. «Табылгыты Нурлан» ичүүчү суу пайдалануучулар коомдук бирикмесинин керектүү документтерди даярдоону Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Шейшеновго жана «Табылгыты-Нурлан» ичүүчү суу пайдалануучулар коомдук бирикмесинин төрагасы Н.Чылпаковко милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын контролдоо Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Шейшеновго жүктөлсүн.
Төрага | Б. Имеров
|