Загрузка документа…
МИҢ-КУШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 13-марты № 31
Миң-Куш айыл аймагынын айылдык Кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилде гана кабыл алуу жөнүндө
Миң-Куш айыл аймагында мамлекеттик тилди билген адамдын көпчүлүгү жашагандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы ченемдик укуктук актылары жөнундө» Мыйзамынын 26-беренесине ылайык, Миң-Куш айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Миң-Куш айылдык Кеңешинин токтомдору, чечимдери жана иш кагаздары мамлекеттик тилде жүргүзүлсүн.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп, jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Миң-Куш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жоопту катчысынын милдетин аткаруучу С.Мекишовго жүктөлсүн.
Төрайым
| Ж.Б. Шералиева
|