Редакцияот 13.03.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИҢ-КУШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Миң-Куш айыл аймагынын айылдык Кеңешинин (XXVI чакырылышы) кезектеги 14 –сессиясы

 

2014-жылдын 13-марты № 32

      

 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 25-март 2010-жылдагы №184 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктук нормативдик актыларын мамлекеттик каттоодон өткөрүү жөнүндө» токтомунун негизинде Миң-Куш айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Миң-Куш айылдык Кеңешинин токтомдорун юстиция министрлигиндеги мамлекеттик реестерден каттодон өткөрүү Миң-Куш айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн  жоопту катчысына милдеттендирилсин.

2. Ушул токтом айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп, jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө  Миң-Куш  айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн  башчысы  К. Болотбековго  жүктөлсүн.

 

 

Төрайым

 

Ж.Б. Шералиева