Загрузка документа…
МИҢ-КУШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 13-марты № 33
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 14.12.2012- жылдагы № 834 токтомунун негизиндеги жер байлыктарын пайдалануу боюнча аукционду өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 14.12.2012- жылдагы № 834 токтомунун негизиндеги жер байлыктарын пайдалануу боюнча аукционду өткөрүү жөнүндөгү жобого ылайык Миң-Куш айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аукционду өткөрүү боюнча комиссия курамы мүчөлүгүнө Миң-Куш айылдык Кеңешинин төрайымы Ж.Б.Шералиева жана Н.Укубаев бекитилсин.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп, jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Миң-Куш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Болотбековго тапшырылсын.
Төрайым
| Ж.Б. Шералиева
|