Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ЖЫЛДЫЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 16-февралы № 5
Жумгал районунун аймагында таза суу боюнча райондук деңгээлде муниципалдык ишкана ачууга макулдук берүү жөнүндө
Кызыл - Жылдыз айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Б. Кыдырмаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кызыл-Жылдыз айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жумгал районунда таза суу боюнча райондук деңгээлде муниципалдык ишкана ачууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, jumgal.kg веб - сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышына көмөк көрсөтүү жана колдоо жагын Кызыл - Жылдыз айыл өкмөт башчысы Б. Кыдырмаев көзөмөлгө алсын.
Төрайым
| Г. Калмаматова
|