Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ЖЫЛДЫЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 16-февралы № 6
Хоккей боюнча Жумгал районунун ачык кубогуна катышуу үчүн Кызыл-Жылдыз айыл аймагындагы «Нураалы Аке» командасына каражат бөлүп берүү жөнүндө
Кызыл-Жылдыз айыл аймагында хоккей боюнча түзүлгөн командага өтө турган турнирге катышуу үчүн материалдык жактан каржылоого Кызыл-Жылдыз айыл өкмөтүнүн бюджетинен каражат бөлүп берүү үчүн Кызыл-Жылдыз айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Хоккей боюнча Жумгал районунун ачык кубогуна Кызыл-Жылдыз айыл аймагында түзүлгөн команданын катышуучусуна команданын башчысы Жолдошбек уулу Төлөнбекке милдеттендирилсин.
2 Турнирге катышуу үчүн материалдык жактан каржылоо Кызыл-Жылдыз айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Ж. Саятчиновага жүктөлсүн.
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4 Бул токтомдун аткарылышына көмөк көрсөтүү жана колдоо Кызыл-Жылдыз айыл өкмөт башчысы Б. Кыдырмаевге милдеттендирилсин.
Төрайым
| Г. Калмаматова
|