Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ЖЫЛДЫЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 16-февралы № 7
Кызыл-Жылдыз айылында таштанды төгө турган жайды аныктоо жөнүндө
Кызыл-Жылдыз айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Кыдырмаевдин билдирүүсүн угуп, талкуулап Кызыл-Жылдыз айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Жылдыз айылында таштанды төгө турган жай болуп Майда-Дөбө участогундагы кум алуучу карьердин жагы аныкталсын.
2. Аныкталган жерди трансформациялоо тиешелүү органдарга сунушталсын.
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кызыл-Жылдыз айыл аймагынын башчысы Б. Кыдырмаевге милдеттендирилсин.
Төрайым
| Г. Калмаматова
|