Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ЖЫЛДЫЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 16-февралы № 8
Кызыл-Жылдыз айыл аймагындагы жайыт комитетинин бухгалтериясын текшерүү жөнүндө
Депутаттар С. Сапарбаев, Т.Нусупов, М. Тултуковдордун Кызыл-Жылдыз жайыт комитетинин бухгалтериясын текшерип чыгуу сунушун угуп, талкуулап Кызыл-Жылдыз айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Жылдыз жайыт комитетинин бухгалтериясын текшерип чыгуу үчүн текшерүү комиссиясынын составына, төрагасы К. Убайылдаев, мүчөлөрү Ж.Тилекматова, Б.Жапаровалар жана депутаттардан С.Сапарбаев,Т.Нусупов М. Тултуковдор киришсин.
2. Текшерүү комиссиясын бухгалтериялык эсеп-кысап документтери менен камсыздап берүү жагы жайыт комитетинин бухгалтери М. Жамантаевага тапшырылсын.
3.Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышына жайыт комитетинин төрагасы Д. Омүрзаков жооптуу болсун.
Төрайым
| Г. Калмаматова
|