Редакцияот 22.04.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТҮГӨЛ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Түгөл-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXI сессиясы

 

2015-жылдын 22-апрели № 1/4

Ж.Тойчубекованын жер сурап жазган арызынын негизинде Түгөл-Сай айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Ж.Тойчубековага  мурунку 50 га берилген жерди ушул кезге чейин туура пайдаланбай, салык, ижара акысын толук төлөбөй 10 жыл бою жер бош болуп, сорттуу  үрөөн айдабаганы үчүн ижарага жер берилбесин. Жерди түз берүү жолу менен жакырларга ижарага берилсин.

2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, jumgal.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3.Токтомдун аткарылышын контролдоо айыл аймагынын  айыл өкмөт  башчысы Н.Нусубалиевага жүктөлсүн.

 

Төрайым

 Б. Касмалиева