Редакцияот 15.07.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

                                                                                                                     

2015-жылдын 15-июлу № 5/1

 

2015-жылдын 15-июлунда өтүлгөн Ак-Моюн айылдык Кеңешинин 9-чакырылыштагы 5-кезексиз сессиясы айыл өкмөт башчысы Д. Мамбетовго ишеним көрсөтпөө жөнүндө депутаттар билдирүү жасашып, Ак-Моюн айылдык Кеңешинин 5 кезексиз сессиясы жогорудагы маселени угуп жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Д. Мамбетовго ишеним көрсөтүлбөсүн. Добуш берүүдө макул 8, каршы 1 калыс жок.

2. Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Ж.Субагожоевден айыл өкмөт башчысы Д.Мамбетовду кызматтан бошотуп берүү жагы суралсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Моюн айылдык Кеңешинин төрайымы Г. Аттокуровага тапшырылсын.

 

 Төрайым

Г. Аттокурова