Загрузка документа…
АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 27-марты № 2/3
Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн 2014-жылдагы пландан ашык түшкөн акча каражатын кароо жөнүндө
Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн 2014-жылдагы пландан ашык 144133 сом түшкөн акча каражатынын жергиликтүү кеңештин сессиясында карап чыгып, талкуулап, Ак-Кудук айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн 2014-жылдагы пландан ашык түшкөн 144133 сом акча каражаты төмөндөгү багыттар боюнча каржыланып берилсин:
- маданият бөлүмүнө музыкалык жабдууларды алууга 23 200 сом
- майрам өткөзүүгө 10583 сом
- Ак-Кудук айылынын каналдарын ондоого 12000 сом
- Жеништин 70 жылдыгына карата мемориалдык эстелигин жасатуу, эстеликти орнотуу, парктын тегерегин тосуу 63 000
- айыл өкмөтүнүн чарба китептерин сатып алууга 4350 сом
- соц коргоо 18000 сом (афган согушунун катышуучусуна 1000 сом, 7- апрель баатырларына 2000 сом, энелер күнүнүн өткөрүүгө 15000 сом)
-8-Март айылынын каналдарын ремонттоого 5000 сом
-кызматтык автоунаанын тетиктерин алууга 4000 сом
- кызматтык автоунаанын күйүүчү майына 4000 сом.
Баардыгы: 144 133 сом
2. Бул токтомду аткаруу Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3.Токтомдунаткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет боюнча комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | З. Алдакеев |