Редакцияот 30.06.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын V чакырылышынын Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз XV  сессиясы

 

2015-жылдын 30-июну № 15/102

2015-жылдын биринчи  жарым жылдыгы үчүн айыл өкмөтүнүн башчысынын жасаган иштери тууралуу отчетун угуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 50-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык айылдардагы иштин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жана муниципалдык менчиктин пайдаланылышы, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн программаларынын аткарылышы жана калктын социалдык жактан корголушу жөнүндө Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан 2015-жылдын биринчи жарым жылдыгында жасалган иштери боюнча Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн  башчысы Н. Касымалиевдин отчетун угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдардагы иштин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жана муниципалдык менчиктин пайдаланылышы, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн программаларынын аткарылышы жана калктын социалдык жактан корголушу жөнүндө Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан 2015-жылдын биринчи жарым жылдыгында жасалган иштери боюнча Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн  башчысы Н.Касымалиевдин отчету канааттандыраарлык деп табылсын.

2. 2015-2017-жылдардын мезгилинде туруктуу өнүктүрүү «Жол картасынын» аткарылышы боюнча кечиктирилгиз иш алып баруу жагы Сары-Булак айыл аймагынын айыл  өкмөтүнүн башчысы Н. Касымалиевге тапшырылсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин экономикалык саясат жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Б.К. Элтуйбасов